Тергөөнүн версиясына ылайык, шектүү полициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысын иштен алууну талап кылып, болбосо "зомбулук көрсөтүү менен коомдук тартипти бузарын айтып" коркуткан. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды.
Айдын башында Интернетте жергиликтүү тургун "Байкоңур" комплексиндеги Орусиянын Ички иштер башкармалыгынын башчысына кайрылуу жасаган видео тараган. Ал полиция кызматкерлери жаштардын арасында маңзат таратып жатканын, буга жергиликтүү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын тиешеси бар экенин айткан. Тургун аталган полиция кызматкерлери иштен алынбаса, анда "алардын тобу" Арбат полиция бөлүмү менен "согуша турганын" билдирген.
Күн мурун Инстаграмда жергиликтүү тургун кечирим сураганы тартылган видео жарыяланды. Анда ал өзүнүн видеокайрылуусунда аты-жөнү айтылган адамдар менен тааныш эмес экенин айткан.
Жергиликтүү тургундун акыркы кайрылуусу жакында шаарда бир кишинин өлүмү менен аяктаган жаштардын атышуусунан кийин пайда болду. 3-сентябрга караган түнү көп кабатуу үйлөрдүн биринин короосунда жаштардын ортосунда чыр чыгып, ок атуудан 33 жаштагы тургун каза болгону кабарланган. Полиция "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 4-сентябрда шектүү камакка алынган.
31-август күнү кечинде да көп кабаттуу үйдүн короосунда белгисиз адамдар ок атып, жыйынтыгында эки киши ооруканага жеткирилген.
Апта башында шаар акимчилиги жергиликтүү тургундарга кайрылып, мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырган. Байкоңур шаары менен Байкоңур космодрому биригип "Байкоңур" комплексин түзөт. Орусия аны Казакстандан 2050-жылга чейин ижарага алган. Ижара мөөнөтү аяктаганга чейин Орусияда калаага федералдык маанидеги шаар макамы берилген.