Ссылки доступа

Жети айда Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү дээрлик 70% көбөйдү


Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 2022-жылдын жети айында дээрлик 70% көбөйүп, 766 миллион долларды түздү.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын тышкы соодасындагы Кытайдын үлүшү 18,5% түзөт.

"Ховар" улуттук маалымат агенттиги кабарлагандай, 8-сентябрда видеоконференция форматында соода-экономикалык кызматташтык боюнча тажик-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен 12-жыйыны өтүп, тажик товарларынын Кытайга экспорту өскөнү белгиленди. Маалыматка караганда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Тажикстандын Кытайга экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7 эсеге өсүп, 245 миллион долларды түзгөн. Ошол эле маалда бул аралыкты кытай товарларынын импорту дээрлик 35% өсүп, 512 миллион доллардан ашкан.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Кытай өкмөтүнүн техникалык жардамынын алкагында Тажикстанда тажик өкмөтү менен парламентинин имараттарын, ошондой эле Куляб, Бохтар шаарларынын ички жолдорун жана Душанбе-Кульма жолун куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленген.

Кытай Тажикстандын алдыңкы үч соода өнөктөшүнүн бири болуп эсептелет.

Тажикстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөнүн жалпы тышкы карызы 3,2 миллиард доллардан ашкан. Анын 34% же 1,39 миллиард доллары Кытайга туура келет.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG