Ссылки доступа

Парламентте бачабаздарды химиялык жактан кастрациялоону киргизүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө хирургиялык кастрация киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоордун негиздеме-маалымкатында химиялык кастрация репродуктивдүү органды алып салуу экени айтылган.

Документке ылайык, өкүмдү аткаруу, жаза өтөөдөн бошотуу, медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу менен байланышкан маселелерди чечүү врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүргүзүлөт.

Улан Бакасов 14 жашка чыга электерди зордуктоо үчүн жаза мөөнөтүн 20 жылга чейин көбөйтүүнү, кастрациядан баш тартуу үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев педофилдерди химиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген. Бирок Бакасов бачабаздар менен күрөшүүнүн мындай жолун натыйжасыз деп эсептейт.

"Химиялык кастрация - бул гормон терапиясы, анда педофилдерге жыныстык каалоону басуучу заттар берилет. Бул учурда химиялык кастрация сөздүн түз маанисинде кастрация эмес, хирургиялык жана эффект менен салыштырганда кыйла гумандуу каражат деп эсептелет, ал дары ичүү мезгилинде гана иштейт. Жыйынтыктап айтканда, химиялык кастрация физиологияга гана таасир этет (кыска убакытка), бирок педофилия сексуалдык каалоо гана эмес. Бул бала менен жыныстык мамиленин – психикалык көз карандылыгы. Мунун алдын алуу чаралары өтө кымбат", - деди Бакасов.

2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84% кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 500 кылмыш иши катталса, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмышка кирген.

XS
SM
MD
LG