Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт


Быйыл октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-сентябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Роза Карибжанова менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана жакында өтө турган иш-чараны талкуулашты.

Жолугушуу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду. Казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык "Алем саз" каада-салт фестивалына катышууга чакырды.

Ошондой эле быйыл ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султанда Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолугуп, иш-чара тууралуу пикир алмашты. Тараптар археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо боюнча да сүйлөшкөн.

Ал ушул эле иш-чаранын алкагында Тажикстандын маданият министринин орун басары Шарифзода Манучехр Муртазо менен да жолугуп, тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты талкуулаган.

Тажик тарап опера жана балет театрынын артисттеринин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, Айни атындагы театрга Кыргызстандын театр өкүлдөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган. Тажик министри КМШ жаштарынын Дельфи оюндарын Душанбе шаарында өткөрүү пландалып жатканын айтып, кыргыз тарапты ага активдүү катышууга чакырган.

XS
SM
MD
LG