Ссылки доступа

Украинада Орусия тарапта согушуп жүргөн өзбек жарандары туткунга түштү (видео)


10-сентябрда Интернетте украин аскерлеринин туткунуна түшкөн өзбекстандыктардын видеосу тарады. Азырынча видеонун качан тартылганы белгисиз.

Туткунга түшкөндөрдүн бири – Самарканд облусунун Москвада окуп жүргөн 22 жаштагы тургуну Ахмедов Мухриддин Соли угли экени айтылды. Видеодо ал акча табуу үчүн "Вагнердин жеке аскердик компаниясына" кошулганын билдирген.

Видеодо сүйлөгөн дагы бир өзбек жараны Москвадагы курулуштардын биринде документсиз иштеп жүргөндө Украинага жөнөтүшкөнүн айткан.

Акыркы күндөрү украин куралдуу күчтөрүнүн Харьков облусундагы ийгиликтүү чабуулдарынын жыйынтыгында көптөгөн орус аскерлери туткунга алынганы кабарланууда.

Буга чейин Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги өзбек жарандарына кайрылып, башка өлкөлөрдүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышуу кылмыш болуп эсептелерин, бул үчүн Өзбекстандын мыйзамдарында жаза каралганын эскерткен.

Андан мурдараак Vetta телеканалы Пермь шаарында жашаган өзбекстандыктар Украинага каршы согушуу үчүн "Амир Темир" деп аталган ыктыярчылардын батальонун түзүүгө ниеттенип жатканы тууралуу видеосюжет көрсөткөн. Аннда аймактагы өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов батальон түзүүнү сунуштаганы, залда отурган ондогон адам кол чаап, аны кубаттаганы көрсөтүлгөн.

Орусиянын аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кремлден демилгеси менен Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн ыктыярчылардын батальондорун түзүүдө. "Верстка" басылмасынын маалыматына караганда, мындай батальондордун бири алгачкылардан болуп Пермь аймагында түзүлүп, "Парма" деген аталышка ээ болгон.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 154-беренесине ылайык, башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу жана ыктыярчылардын батальондорун түзүү "жалданмачылык" деп эсептелет. Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар үчүн он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG