Ссылки доступа

Тажик бийлиги Дангара районун суу менен камсыздаган тоннелдин эскилиги жеткенин ырастады


Тажикстандын бийлиги Нурек суу сактагычынан Дангара районуна суу жеткирген өлкөдөгү эң ири тоннелдин эскилиги жеткенин ырастап, аны ондобосо биротоло жарактан чыгып калуу коркунучу бар экенин билдирди.

Узундугу 14 чакырымга жакын бул тоннель дүйнөдөгү эң узун 100 тоннелдин катарына кирет.

Өлкөнүн расмий "Жумхуриат" гезити маанилүү стратегиялык объект болуп эсептелген Дангара тоннели тууралуу макала жарыялап, тез арада тиешелүү чаралар көрүлбөсө ал биротоло жарактан чыгып калышы мүмкүн экенин жазды.

Курулушу өткөн кылымдын 70-жылдары башталып, 17 жылдан кийин аяктаган тоннель Хатлон облусунун Дангара районундагы айдоо талааларына секундасына 100 миң куб метр суу жеткирип турган. Бүгүнкү күндө ал тоннелдин жардамы менен Дангара районундагы 10 миң гектардан ашык айдоо жери сугарылып, 170 миң адам суу менен камсыз болот.

"36 жыл бою күнү-түнү тынбай пайдаланылган тоннелдин айрым жерлери жараксыз абалга келип, тез арада оңдоого муктаж. "Дангара гидротүйүнү" мамлекеттик ишканасынын башчысы Файз Одинаевдин айтымында, тоннелдин негизги дарбазаларынын абалы кейиштүү, анткени Вахш дарыясынын суусу "дарбаза алдындагы бетон конструкцияларды тешип, тоннелдин абалы өтө начарлаган", – деп жазылган басылманын макаласында.

Дангара тоннели Тажикстан өкмөтүнө караштуу Мелиорация жана ирригация агенттигинин башкаруусунда. Аталган мекеменин жетекчиси Холмурод Рахмон "Жумхурият" басылмасына маек берип, тоннелдин абалы чынында эле канааттандыраарлык эмес экенин, аны оңдоо жана тейлөө үчүн миллиондогон сомони жана өкмөттүн жардамы керек экенин айткан.

"Техникалык-экономикалык анализдин негизинде тоннелди оңдоо жана реконструкциядан өткөрүү үчүн кете турган чыгым 464 миллион сомонини түзөт. Бул каражатты жакынкы жылдары Дүйнөлүк банк бөлүшү керек", – деди Рахмон.

XS
SM
MD
LG