Ссылки доступа

Казакстанда Си Цзиньпиндин сапары алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандарга басым күчөдү


Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандар аларга басым күчөгөнүн билдирүүдө.

Активисттердин сөзүнө караганда, аларды 9-сентябрда калаа акимчилигине чакырып, Нур-Cултанга барбай турууну, болбосо 15 суткага камаларын эскертишкен.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын лидери Си Цзинпин Нур-Султанга 14-сентябрда барары күтүлүүдө.

Анын мамлекеттик сапарын утурлай Шинжаңдагы казактардын укуктарын коргоо менен алектенген "Нағыз Атажұрт еріктілері" уюму каршылык акциясын өткөрүү суранычы менен өкмөткө кайрылган. Бийлик уруксат берген эмес.

Кытайда камакта отурган туугандарын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына бир жылдан ашуун убакыттан бери чыгып келишет. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар да болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG