Ссылки доступа

Ош-Анжиян маршруттук каттамы жанданды


9-сентябрдан тарта Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жанданды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде Ош- Анжиян каттамы ачылган. Бирок 3-4 ай иштеп пандемияга байланыштуу токтоп калган. Кайрадан жанданган каттам күн сайын жүргүнчүлөрдү ташыйт. Азырынча Ош менен Анжияндан ондон кичи автобус каттап турат деп айтылды. Эки тарап каттамдагы кичиавтобустар чек арадан жана бажы бекеттеринен тезирээк өтүшү үчүн "жашыл коридор" түзүүнү сүйлөшкөн.

"Достук" Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Андан эки өлкөнүн жарандары ары-бери каттап турушат. Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет.

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пункттарын жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган.

XS
SM
MD
LG