Ссылки доступа

Ташкент аэропортунда өрт чыгып, жүргүнчүлөр эвакуацияланды


11-сентябрда "Ташкент" эл аралык аэропортунун эл аралык авиакомпаниялар учуучу терминалында өрт чыкты. Бул тууралуу Uzbekistan Airports компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өрткө байланыштуу жүргүнчүлөр менен аэропорт кызматкерлери тез арада эвакуацияланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн чыгышына жертөлөдө жайгашкан трансформатордук көмөкчордондогу үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо булагында зымдардын кыска туташуусу себеп болгон. Кырсыктын себептерин жоюу жана жертөлөдө иштеп жаткан кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир канча убакытка аэропорт терминалында электр жарыгын өчүрө туруу чечими кабыл алынган.

"Эртең менен саат 10:30дарда жертөлөдөн түтүн чыга баштады. Аэропорт кызматкерлеринин тез реакциясы жана шаардан келген өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өрт тез арада өчүрүлдү. Саат 10:40та аэропортто убактылуу жарык өчүрүлдү. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Азыр ал жерде аэропорттун тиешелүү кызматтары иштеп, кырсыктын себептерин жоюуда", – деди Uzbekistan Airports Handling компаниясынын директору Умид Хамраев.

Өрткө байланыштуу Алматыга, Нур-Султанга жана Москвага уча турган үч каттам кечирээк аткарылды.

"Аэропорттун тиешелүү кызматтары аба майдандын ишин тез арадан калыбына келтирүү үчүн болгон аракетин көрүүдө. Ушул саатка карата терминалдардын көбүнө электр энергиясы берилди. Эл аралык жана жергиликтүү авиакомпаниялардын учактары коно турган терминалдар штаттык режимде иштеп жатат", – деп жазылган аэпорттун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG