Ссылки доступа

Тажикстандыктар Амударыянын жээгинде алтын казуу үчүн бийликтин уруксатын күтүүдө


Ооганстандын түндүк провинцияларындагы жүздөгөн жашоочулар Амударыянын (Паянж) жээгинде алтын казуу менен алектенишет. "Талибан" кыймылынын жетекчилиги үй-бүлөлөрүн багуу үчүн аларга алтын казууга уруксат берген.

Тажикстан бийлиги да дарыянын берки өйүзүндө баалуу металлдарды казууга уруксат берүүнү убадалаган, бирок өкмөттүн токтому чыга элек.

Хатлон облусунун Хамадони районунун акими Бозорали Одиназода алтын казуу маселеси тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланыштуу экенин билдирди. Тажикстан менен Ооганстандын жалпы чек арасы 1344 чакырымды түзөт.

"Мен район башчысы болуп 2018-жылдан бери иштейм. 2019-жылы Паянж дарыясынын жээгинде алтын казууну каалаган кытай компаниясы келген. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ишканасын курган жок", - деди ал.

Паянж жээгинде жергиликтүү жашоочуларга алтын казууга уруксат берүү маселеси былтыр өкмөт жыйынында талкууланган. Бирок чечим кабыл алынган эмес.

Тажикстанда 2020-жылы бийлик жеке жактарга түстүү жана баалуу металлдарды, баалуу таштарды казууга уруксат берген. Мындан соң миңдеген кишилер Хатлон жана Согд облусунда алтын казуу менен алектене баштаган. Соңку бир жарым жыл аралыгында 3,5 миң тажикстандык Каржы министрлигинде алтынды кол менен казууга уруксат алган.

Алтын казуучулар баалуу металлды Тажикстандын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик баалуулуктар казынасына же кен иштетүүгө лицензиясы бар өнөр жай ишканаларына өткөрүүгө милдеттүү.

Тажикстанда Зарафшан, Пяндж, Кофарнихан дарыяларынын жээгинде жана Тоолуу Бадахшандагы дарыялардын жээктеринде алтын бар.

Тажикстандагы кендердин көбүн кытайлык компаниялар иштетет.

XS
SM
MD
LG