Ссылки доступа

Бакуда оппозициячыл басылманын башкы редактору жана адвокат камалды


11-сентябрда Баку шаардык соту Азербайжандагы оппозициялык "Хурал" басылмасынын башкы редактору Авяз Зейналлы менен белгилүү укук коргоочу Элчин Садыговду паракорлук айыбы менен камакка алуу чечимин чыгарды.

Азербайжандык укук коргоочулар Зейналлы менен Садыговдун камалышын саясий куугунтук деп аташты.

Буга чейин Азербайжандын бийликчил ЖМКлары Зейналлыны азери бизнесменинен ири өлчөмдө пара алган деп айыпташкан. Ишкердин адвокаты болгон укук коргоочу Садыгов пара алууда ортомчулукка күнөөлөнүүдө. Журналист уурулук тууралуу материалды жарыялабоо үчүн ишкерден акча сураганы айтылган. Зейналлы менен Садыгов айыптоолорду четке кагууда. Алардын жактоочулары төрт айга камоону токтом кылган Баку сотунун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.

Baku Steel Company металлургиялык компаниясынын башчысы, бизнесмен Расим Мамедов 2021-жылы 55 миллион манат (32 миллион доллар) акча уурдоо айыбы менен кармалган. Мамедов айыптоолорду четке каккан.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG