26 мүнөттүк тасманын авторунун айтымында, бул чыгарма тажик жазуучусу Сайф Рахимзода Афардинин ушундай эле аталыштагы аңгемесинин негизинде тартылган. Фильм ой-чабыты кенен беш жашар бала жөнүндө.
"Фильмдин каарманы болгон беш жаштагы баланын карындашы жарык дүйнөгө келгенден кийин эле чарчап калат. Чоң кишилердин сүйлөшүүлөрүнөн ал жаңы төрөлгөн ымыркай тирүү калышы үчүн агасынын бутун күйгүзүү керек деген эски уламышты угуп калат. Бала оттон абдан корксо да ушундай аракетке барууга бел байлайт", - деди режиссер Умедшо Мирзоширинов.
Казань эл аралык мусулмандар кинофестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты 11-сентябрда өттү.
Фестивалдын баш байгесине иран режиссеру Нахид Хассанзаденин “Үнсүз атак” тасмасы татыктуу болду.