Ссылки доступа

Камактагы тажик журналистинин эмгеги Казакстандагы эл аралык сынакта жеңишке жетти


Камактагы тажикстандык журналист Абдулло Гурбатинин "Өтө чоң" деген тасмасы 7-11-сентябрь күндөр Алматы шаарында өткөн Baiqonyr International Short Film Festival аттуу жетинчи эл аралык сынактын жеңүүчүсү деп табылды.

"Өтө чоң" 17 эмгектин арасынан эң мыкты документалдык тасма деп таанылды. Тасмада 13 жаштагы Абдурахмон деген баланын тагдыры баяндалат. Ал үй-бүлөсүндөгү оор материалдык абалдан улам мектепте барбай, базарда араба түртүп иштейт.

Журналист Абдулло Гурбатини Душанбе шаарынын Шомансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери быйыл 15-июнда кармап кетишкен. Бийлик аны аталган райондун милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабоого айыптаган. Кийинчерээк Тажикстан ИИМи журналист өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен кызматташканын билдирген. Диний партия Гурбати эч качан уюмдун мүчөсү болбогонун жана кызматташпаганын кабарлаган.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери "Азия Плюс" агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал "Фейсбуктагы" баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

XS
SM
MD
LG