Ссылки доступа

Тажикстан УКМКсынын мурдагы кызматкери Мухаммади Султон жети жылга соттолду


Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон)
Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон)

Душанбе шаарындагы Сино райондук соту Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери, журналист Мамадсултон Мавлоназаровду (Мухаммади Султон) жети жылга эркинен ажыратты.

Мавлоназаровдун жакындары өкүм 13-сентябрда чыкканын, ал "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо" жана "Бийлик өкүлүн кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылганын билдиришти.

"Биз күнөөсү далилденбеген улгайган киши үчүн бул өкүмдү катаал деп эсептейбиз", – деди Мухаммади Султондун аты-жөнүн айткысы келбеген жакындарынын бири.

Өткөн жумада Мавлоназаровдун туугандарынын бири аны менен жолугуп чыкканын, ал айыптарды четке кагып жатканын айткан. "Мамадсултон саламаттыгына даттанган жок. Ал "Фейсбукта" жазгандарынын баары чын экенин, аны каалаган адам текшерип көрсө болорун айтты. Ал айыптоолорду четке кагып, күнөөсүз экенин билдирди", – деген ал.

72 жаштагы Мамадсултон Мавлоназаров өткөн кылымдын 70-жылдары "Комсомоли Точикистон" гезитинде кабарчы болуп иштеп, кийин Тажикстандын Улуттук коопсузук комитетине ишке кирген. Ал жерде 25 жыл иштеп, акыркы кездери "Фейсбуктагы" баракчасына өлкө УКМКсынын азыркы жетекчилигин сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

XS
SM
MD
LG