Ссылки доступа

Өзбекстандын элчилиги туткунга түшкөн өзбек жарандарына байланыштуу Украина ТИМине нота жөнөттү


Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Украинанын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) дарегине расмий нота жөнөттү. Бул тууралуу кабар дипломатиялык миссиянын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, нотанын жиберилиши Украинанын Куралдуу күчтөрү Харьков облусунун аймагында Орусия тарапта согушуп жүргөн эки өзбекстандыкты кармаганы тууралуу социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеого байланыштуу.

Элчиликтин билдирүүсүндө нота туткунга түштү делген өзбекстандыктар тууралуу "кеңири жана так маалымат алуу" үчүн жөнөтүлгөнү жазылган. "Бул видео боюнча текшерилбеген маалыматтарды таратпоого жана бардык жагдайларынын аныкталышын күтүүгө чакырабыз. Алар тууралуу кошумча маалыматтар берилет", – деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин украиналык журналист Юрий Бутусов өз репортажында Украинанын контрчабуулу маалында чалгын тобу орус аскерлерине кол салганын, анын жыйынтыгында аскердик техникалар жок кылынып, көптөгөн адам туткунга түшкөнүн билдирген.

Туткунга түшкөн эки киши өзбекстандыктар экенин, Украинага "Редут" аттуу жеке аскердик компаниянын курамында согушуу үчүн барганын айткан. Самарканддан барган 22 жаштагы студент Мухриддин Ахмедов жеке аскердик компанияга акча иштеп табуу үчүн кошулганын, ал жакта минометтук батареянын курамында болгонун билдирген. Экинчи туткун Москвада беш жылдан бери документсиз иштеп жүргөндүктөн, аны Украинадагы согушка катышууга мажбурлашканын айтып берген.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG