Ссылки доступа

Алматыда эки каракалпак активисти кармалганы кабарланууда


Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында Алматыдагы каракалпак диаспорасынын эки активисти кармалды. Бул тууралуу журналисттерге диаспоранын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

Анын айтымында, 13-сентябрда активист Жангелди Жаксимбетовду жумушунан, Кошкарбай Торемуратовду үйүнөн кармап кетишкен. "Учурда алардын кайсыл жерде экени белгисиз бойдон калууда", – деп кошумчалады Муратбай.

Торемуратовдун жубайы Калия Мангибаева алардын үйүнө келген эки киши жарандык кийимчен болгонун, эч кандай документтерин көрсөтүшпөгөнүн билдирди. "Алар ИИМдин кызматкерлери экенин, күйөөмдү суракка алып барышарын айтышты", – деди ал.

Кийинчерээк Торемуратов кармалып, Алматы шаардык полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, 14-сентябрда "Өзбекстанга жөнөтүлөрү" кабарланды. Жубайынын айтымында, Торемуратов Өзбекстандын жараны.

Азырынча ырастала элек маалыматтарга караганда, Торемуратовго "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" жана "Коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, таратуу" беренелери боюнча айыптар тагылган болушу мүмкүн.

47 жаштагы Кошкарбай Торемуратов YouTube'дагы PIKIR каналынын автору. Бүгүнкү күндө анын 20 миңден ашык катталуучусу бар.

Активисттер ЕККУнун адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышын кароо боюнча Варшавада өтө турган конференциянын алдында кармалды. Айрым маалыматтар боюнча бул жыйынга Кошкарбай Торемуратов да катышууну пландап жаткан.

Июлдун башында Өзбекстан Конституциясынын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамын алуу сунушуна байланыштуу Нукус шаарында жана автоном республиканын башка бир нече аймагында жапырт нааразылык акциялар башталып, алар күч менен таркатылган.

Өзбекстандын бийлиги бул окуялар маалында 18 киши өлүп, 243ү жараат алып, 500 адам кармалганын билдирген. Активисттер чынында каза болгондор кыйла көп болгонун, Нукус шаарынын өзүндө эле эки күндүн ичинде 300дөн ашык киши өлтүрүлүп, миңден ашыгы жарадар болуп, он миңдеген адам кармалганын айтышкан.

Нааразылык акциялардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөрүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү Ташкентти адилеттүү тергөө жүргүзүүгө жана тынч акция катышуучуларына карата зомбулук көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырышкан.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны үч жылдын бери алгачкы жолу офлайн форматта 15-16-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG