Ссылки доступа

Казакстан ТИМи: азырынча казак тынчтык орнотуу күчтөрүн Арменияга жөнөтүү маселеси жок


Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди азырынча Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында Арменияга тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтүү маселеси күн тартибинде жок экенин билдирди.

"Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек ара демаркацияланган эмес, ошондуктан кайсы бир чек ара бузулганы жөнүндө айтуу оор. Казакстан бул багытта тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр", – деди Тлеуберди.

Казакстан Орусиядан башка бардык коңшулары менен чек ара тилкелерин тактап бүткөн. Тлеубердинин айтымында, казак-орус чек арасын демаркациялоо иши дагы 2-3 жылда аякташы мүмкүн.

Күн мурун ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши армян-азери чек арасындагы абалга баа берүү үчүн уюмдун башкы катчысы Станислав Зась башында турган миссия жөнөтүүнү сунуштаган.

ЖККУ жыйыны армян-азери чек арасында абал курчуп, куралдуу кагылышуулардан ондогон адам өлгөндөн кийин Еревандын демилгеси менен өттү.

"Биз объективдүү маалымат алууну каалайбыз, анткени эки тараптан эки башка маалымат келип жатат. Буга байланыштуу мамлекет башчылар ЖККУнун башкы катчысы өзү чек ара аймагына барып, баарын өз көзү менен көрүп келсин деген чечим кабыл алышты", – деди Тлеуберди.

XS
SM
MD
LG