Ссылки доступа

Өзбекстанда вакцина өндүрүү боюнча инновациялык борбор түзүлөт


Ташкент облусунда вакцина өндүрүү боюнча Борбор Азиядагы жападан жалгыз инновациялык борбор ачылат. Долбоордун баасы 100 миллион доллар.

13-сентябрда Самарканддагы ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстандын инновация министрлиги Luye Investment Group Co., Ltd менен биргеликте Ташкент облусунда 2023-2028-жылдар аралыгында жалпы баасы 100 млн доллар болгон Вакцина өндүрүү боюнча инновациялык борбор түзүүгө макулдашты.

Маалыматка караганда, Инновациялык вакцина борбору – республика менен КМШ өлкөлөрүнүн базарларына жогорку технологиялык продукция сунуштай ала турган Борбор Азиядагы жападан жалгыз биотехнологиялык ишкана. Долбоордун алкагында жылына 2 млрд доллар турган 10 түрдүү вакцинанын 200 млн дозасы өндүрүлөт. Арасында гепатит А, гепатит В, кызамык, сенектикке каршы препараттар бар.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG