Ссылки доступа

Ташиев: чек арада тажик тараптан чагым даярдалганын байкадык


Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айтты. Ташиев тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алды:

"Бул жолку атышуунун өзгөчөлүгү - Тажикстан тараптан биздеги жарандык обьектилерге, үйлөргө минемоттон ок атылганы болду. Негизинен беш жерге чабуул коюлган болсо, анын төртөөндө аскердик обьектилер жабыркаса, бирөө - эл жашаган айылды бутага алган. Бул өтө кооптуу жана эч кандай эрежеге жана эч бир мыйзамга жатпайт",-деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы чек арадагы кырдаалдын туруктулуулугун сактоого курал-жарак, аскерлер жетиштүү экенин кошумчалады.

Ташиев бул жолку ок атышууда атайын чагым болгонун, ушундан улам аймакта чыңалуу курч боюнча калып жатканын да эскертти.

"Дагы бир нерсе - тажик тараптан атайын чагым даярдалганын көрдүк. Биздин Чек ара кызматы алар жакта кара кийимчен, башка формадагы адамдар ок чыгарганын көрүп, каттоого алышкан. Алар азыр деле бир жерлерде өңүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз буга байланыштуу керектүү чечимдерди карап жатабыз. Биз мамлекетибиздин чек арасына бир метрге да эч кимди киргизбейбиз жана коопсуздугубузду сактайбыз. Биз ал шектүү адамдар тууралуу маалыматыбызды Тажикстан жана башка тараптарга айтып, кабарладык".

Ташиев өмүрүнүн коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн качып чыккан тургундардын маселесин чечүүнү да караштырып жатышканын билдирди. Анын айтымында, чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу облустук деңгээлдеги жетекчилер сүйлөшүп, атышуу токтогон.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.

XS
SM
MD
LG