Ссылки доступа

Жапаров менен Мирзиёев Камбар-Ата - 1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата - 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.

Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.

Жапаров ШКУнун 15-16-сентябрь күндөрү өтүп жаткан саммитине катышууда. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп тараптуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолукту.

XS
SM
MD
LG