Ссылки доступа

Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар ЖК төрагасы менен жолугат


Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылып митингге чыккандардын ондой өкүлү парламенттин спикери менен жолугат. Алар учурда имаратка киргизилди.

Бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атйын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.

Парламент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу саат 13.00до кезексиз жабык жыйынга чогулганы жатат.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатат. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда кеминде 18 адам жараат алды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

XS
SM
MD
LG