Ссылки доступа

Казакстандын юстиция министри: кийинки мамлекет башчы президенттин мөөнөтү тууралуу норманы өзгөртө албайт


Кийинки президент Конституциядагы президенттин мөөнөтү тууралуу норманы өзгөртө албайт. Бул тууралуу 16-сентябрда өлкөнүн юстиция министри Канат Мусин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бүгүн Конституцияга президенттин мөөнөтүн жети жылга узартуу жана президент бир гана мөөнөткө шайлана алат деген норма киргизилди. Бул баптар өзгөрүүсүз калат. Башкача айтканда, келерки президент да, парламент да бул нормаларды өзгөртө албайт. Башкы мыйзамдын 91-94-беренесинде Конституциянын кайсы нормалары өзгөрүүсүз калары белгиленген. Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү, анын суверендүүлүгү, башкаруу эрежелери жөнүндө нормалар, эми ага президенттик мөөнөт жана анын узактыгы да кошулду", - деди министр.

Ошол эле маалда министр Казакстанда канча жолу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө боло турганы белгиленбегенин мойнуна алды. Анын айтымында, "баары коомдун өнүгүшүнөн көз каранды болот".

16-сентябрда Казакстандын парламенти Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү дароо эки окууда кабыл алып, президентти жети жылга бир мөөнөткө шайлоо жана өлкөнүн борбору Нур-Султан шаарынын аталышын кайра Астана деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG