Ссылки доступа

Си Цзиньпин ШКУ саммитине барган мамлекет башчылардын кечки тамактануусуна катышкан жок


Кытайдын лидери Си Цзиньпин өз делегациясындагы коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында өткөн 11 мамлекеттин башчыларынын кечки тамактануусуна катышкан жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзбек өкмөтүндөгү булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Си Цзиньпин ШКУ саммитине барган мамлекет башчылардын кечки тамактануусунан тышкары алардын чогуу сүрөткө түшүүсүнө да катышкан жок. Кечки тамактануудан кийин мамлекет башчылары бак отургузуп, Самарканддагы "Түбөлүк шаар" аттуу тарыхый-этнографиялык комплексте да сейилдешкен.

Иш-чарада тартылган сүрөттөрдө президенттер беткапсыз сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Бирок делегациялардын айрым мүчөлөрү беткап тагынышкан.

ШКУ саммитине Орусиянын, Түркиянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Монголиянын, Азербайжандын, Түркмөнстандын президенттери жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышууда.

XS
SM
MD
LG