Ссылки доступа

Алматыда "Казпочтанын" кызматкерлери маянаны көбөйтүүнү талап кылышты


16-сентябрда жүздөй иши "Казпочтанын" имаратынын алдына чогулуп, айлык акынын төмөндүгүнө жана мурда берилип келген төлөмдөрдүн токтотулганына нааразылыгын билдиришти.

Алардын айтымында, күн сайын баалар жогорулап жаткан маалда 100 миң теңге маянага (200 доллардан ашыгыраак) жашоо мүмкүн эмес.

–Биз "мотивация" (бонусту ушунтип аташат) үчүн келген жокпуз. Себеби "мотивация" баарыныкы бирдей эмес. Көлөмү чоң филиалдарда ар бир посылка үчүн 30 теңгеден төлөшөт. Кичинекей филиалдарда андай деле жок. Экинчи көйгөй – кадр. Адистер турбайт. Бардык ишти биз жасайбыз. Өзүбүз баарын бөлүштүрөбүз, каттарды өзүбүз жеткиребиз, пенсия таратабыз. Кассада да биз отурабыз. Бирок эч кандай кошумча акча төлөнбөйт, - деди Ботагөз Кантарбаева.

Чогулгандар ишканада тиешелүү шарт түзүлбөгөнүн да белгилешти. Маселен, түштөнүү үчүн 10 мүнөт берилет, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү жумуш үчүн акча төлөнбөйт.

Компаниянын өкүлү Ержан Байтан жумушчулардын иштеген ишине жараша кошумча сый акы көбөйтүлгөнүн билдирди.

– Кызматкерлер туура эмес түшүнүп жатышат. Биз азыр "мотивацияны" көбөйтүп жатабыз. Январда окладды көтөргөнбүз. Дагы жогорулатып жатабыз. Канчага көбөйөрүн азырынча айта албайм, - деди ал.

Алматы шаарында "Казпочтанын" 900 кызматкери иштейт.

Компания маянанын көлөмү тууралуу айрым ЖМКларда жарыяланган маалымат туура эмес деп билдирди. Компания 40 000 теңге өлчөмүндө маянанын төрт почточу гана аларын, алар айына 24 саат гана иштей турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG