Ссылки доступа

Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен чек арадагы кырдаалды талкуулады


Садыр Жапаров менен Владимир Путин

18-сентябрда Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

“Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек аралаш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланганын маалымдады”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын белгилешкен.

Ал эми Кремлдин сайты Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен дагы телефондон сүйлөшкөнүн жазды. Анда ал Орусия кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу жана абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG