Ссылки доступа

ЕБ Кыргызстан менен Тажикстанды пикир келишпестиктерди тынчтык жол менен чечүүгө чакырды


Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстан менен Тажикстандын ок атышууну токтотуу боюнча жума күнү жетишилген макулдашууну кубаттап, тараптарды ортодогу кандай гана пикир келишпестик болбосун тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырды.

"Биз эки тарапты тең ок атуу режимин токтотуу макулдашуусунун натыйжалуу сакталышын камсыздоого жана чыңалууну токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп, ортодо болгон талаш-тартыштарды мүмкүн болушунча тез арада чечүүгө чакырабыз", – деп жазылган ЕБдин күн мурун жарыяланган билдирүүсүндө.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилерин ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүгө чакырган. 17-сентябрда ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирип, каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

Гутерриштин билдирүүсүндө ошондой эле "БУУ чек ара маселесин чечүүнүн жолдорун издөөгө жардам берүүгө даяр экени" белгиленген.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 163 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен "Озоди" радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда.

XS
SM
MD
LG