Ссылки доступа

Казакстанда каракалпакстандык активист Раиса Худайбергенова кармалды


Райса Худайбергенова
Райса Худайбергенова

Алматы облусунда каракалпакстандык активист Раиса Худайбергенова кармалды. Өткөн аптада Алматы шаарында диаспоранын эки активисти камалган. Алар июлда Каракалпакстанда өткөн жапырт башаламандыктарга шектелүүдө.

Маалыматка караганда, Иле районунундагы медициналык борбордо дарыгер-кардиолог болуп иштеген Худайбергенова иш ордунда кармалган.

Казакстандагы "Власть" басылмасы Худайбергенова "Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүмүнө кол салууга" шектелип жатканын жазды. Буга чейин кармалган каракалпакстандык активисттер Жангелди Жаксымбетов менен Кошкарбай Торемуратов да ушул берене менен шектелүүдө.

"Власть" басылмасынын маалыматына караганда, Худайбергенова кечинде караклпакстандык диаспоранын активисти Акылбек Муратбайга телефон чалып, ага күч кызматкерлери келгенин айткан.

Муратбайдын билдиришинче, Торемуратов менен Жаксымбетовдун камактагы мөөнөтү 40 күнгө узартылган.

Алматы полициясы каракалпакстандык активисттердин кармалышы боюнча комментарий берген жок.

Нукустагы окуялар 1-2-июль күндөрү болгон. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан кийин 516дан ашык киши кармалып, кийин алардын бир нечеси коё берилген. Ал окуялар маалында 21 адам каза болуп, 274 киши жабыркаганы айтылган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Нааразылык Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү долбооруна каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу да жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлерди киргизген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG