Нарзиева Евробиримдиктин санкциялык тизмесине Украинадагы согушка байланыштуу орусиялык аткаминерлер менен олигархтардын башка жакындары менен бирге быйыл апрелде киргизилген.
Басылманын маалыматына караганда, Усманов менен Нарзиева санкцияларды жоюуну өтүнүп апрелде сотко кайрылышкан. Санкциялар менен алардын ЕБ өлкөлөрүндө саякаттоосуна жана бул аймактагы активдерин колдонуусуна тыюу салынган.
Мындан тышканы бул аптада ЕБдин санкциялык тизмесинен маркум орусиялык саясатчы Владимир Жириновский жана финансист Михаил Фридмандын мурдагы аялы Ольга Айзиман да чыгарылды.