Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан 14-17-сентябрдагы окуяларды эл аралык иликтөөгө чакырууда


Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги "Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" 19-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Иманкулов Баткендеги окуяны "тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы" деп атап, жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө тобу иштеп жатканын, бардыгы видео жана фото фиксация болгонун кошумчалап, Кыргызстан маселени дипломатия жолу менен гана чечүүнү көздөрүн кошумчалады:

"Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга объективдүү маалымат берип жатат. Биз эл аралык коомчулукка алып чыгабыз болгон маселени. Эл аралык териштирүү болсо ага да даярбыз. Анткени биздин аларга кол салуу оюбуз жок болчу, бизге бирөөнүн жеринин бир метр да кереги жок. Маселени күч менен чечели деген ниетибиз жок. Өкмөт аралык комиссия иштесин. Эртең керек болсо эл аралык деңгээлге алып чыгабыз. Иш жүрүп жатат. Мамлекеттик комиссия иштөөдө".

Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы, соңку куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Өз кезегинде Тажикстандын Согд облусунун бийлиги чек арадагы кагылышуунун кесепеттеринин сүрөттөрүн көрсөтүп, эл аралык жана аймактык уюмдарды кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга объективдүү баа берүүгө чакырды. "Кагылышуунун кесепеттери – кыргыз тарап аскердик тик учактар, учкучсуз учуучу аппараттар жана оор курал-жарак менен жарандык объектилерге, анын ичинде турак жайларга сокку жасаганын далилдеди", – деп жазылган билдирүүдө.

18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин куралдуу агрессияга айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматты боюнча, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 164 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Тажикстан бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 14-17-сентябрь күндөрдүн аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болду.

XS
SM
MD
LG