Ссылки доступа

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору аркылуу алгачкы эксперименталдык поезд жөнөп кетти


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору боюнча Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жол маршруту менен алгачкы эксперименталдык поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу 19-сентябрда "Өзбекстан темир жолдору" компаниясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар менен жеткирилген.

Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана чарба товарларынан турган жүк Ооганстандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд бул станцияга эки күндө жетиши керек.

Бул коридор боюнча өз аймагы аркылуу жүк алып өтүү үчүн Өзбекстан 70%, башка өлкөлөр 50% арзандатуу кылышты. Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жол маршруту менен Ооганстанга жылына 4 миңден ашык контейнер жүк жеткирүү пландалууда.

14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самаркандда өткөн саммитинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Мурдараак Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери бул темир жолдун курулушу жакында башталарын ырасташкан. Темир жол куруу демилгеси 2000-жылдардын башында көтөрүлүп, ошондон бери ишке ашырылбай келет.

XS
SM
MD
LG