Ссылки доступа

Адвокаттар Кайрат Сатыбалды күнөөсүн мойнуна алганын билдиришти


Астанада өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын ишинде жабырлануучу тарап болгон “Казактелеком” менен “Транспорттук кызмат борбору” медиациялык келишимге келүүнү сунуштады.

Эки компаниянын өкүлдөрү сотто Сатыбалды “күнөөнү толук мойнуна алып, бардык чыгымды төлөгөнүн” маалымдашты.

Кайрат Сатыбалды мыйзамсыз жол менен “Казактелекомдон” 12,7 млрд теңге, “Казакстан темир жолдору” компаниясына тиешелүү “Транспорттук кызмат борборунан” 28,6 млрд теңге уурдоого айыпталган.

Сатыбалды сотто үн каткан жок. Жабырлануучу тараптын адвокаттары ал күнөөсүн мойнуна алганын кабарлашты. Мындан соң судья прокурордон медиациялык келишим боюнча чукул чечим чыгарууну сурады. Прокурор судьядан чечим кабыл алууга убакыт сурап, сот отуруму кийинкиге жылдырылды.

Сот отурумуна Кайрат Сатыбалдынын тууганы, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Самат Абиш менен анын балдары онлайн катышты. Бул Самат Абиштин январь окуяларынан бери элге биринчи жолу чыгышы.

Сот башталганда судья видео жана сүрөткө тыюу салды.

Кайрат Сатыбалды мартта кармалган. Ал бир нече берене менен айыпталып жатат. Анын ичинде “Алдамчылык жол менен же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери да бар.

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кайрат Сатыбалды “бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга” да шектелип жатканын билдирген.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG