Ссылки доступа

Тажикстанда чек арадагы кагылышууда өлгөн 59 кишинин бейрасмий тизмеси жарыяланды


“Озоди” радиосу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон 59 тажикстандыктын тизмесин түздү. Тизмени түзүүдө расмий, өз булактардан алынган жана соцтармактарда жарыялаган маалыматтар менен шилтемелер колдонулду.

Тизме бейрасмий жана толук эмес. Тажикстан бийлиги кагылышуу учурунда расмий түрдө 41 киши өлгөнүн билдирип, бирок алардын тизмесин жарыялаган эмес.

“Озоди” түзгөн тизме бул жерде.

Тажикстанда активисттер тобу жана айрым партиялардын өкүлдөрү өкмөткө кайрылып, 20-сентябрды же башка күндү курман болгондорду эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоону сурашкан.

Тажикстан чек арадагы кагылышуудан курман болгондорду эскерүү үчүн эч качан Улуттук аза күтүү күнүн жарыялаган эмес. “Озоди” бул жагдай ар түрдүү айың-кептерди жаратып жатканын, кишилер “Улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо – алсыздыкты көрсөтүү катары бааланарын” билдиришип, ушул себептен бийлик мындай кадамга барбай жаткан болушу ыктымал экенин жазды.

Ошол эле маалда көпчүлүк тажик бийлиги эң жогорку деңгээлде расмий түрдө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтууга милдеттүү деп эсептейт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG