Басылманын маалыматына караганда, кеп былтыр “Талибан” Кабулду басып алган кезде ооган учкучтары айдай качан учактар жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчулары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар.
Ушул тапта АКШ коопсуздук тармагында байланыштарды бекемдөө жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бейформал келишимдерге жооп иретинде Өзбекстан менен Тажикстан өкмөтүнө учактардын бир бөлүгүн берүү ыктымалдуулугун кароодо.