Ссылки доступа

Тажикстанда чек арада жабыркагандарга жардам берүү өнөктүгү башталды


Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам чогултуу башталды.

Жарандар жабыркагандарга азык-түлүк, кийим-кечек, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды алып келүүдө. Тажик бийлиги келтирилген зыяндын суммасын ачыктай элек.

20-сентябрда гуманитардык жүк жүктөлгөн алгачкы автоунаалардын кербени Душанбеден Исфарага чыкты. Гуманитардык жардамды ыктыярчылар менен жарандык активисттер чогултуп жатышат.

Украиналык Юлия Демо кагылышуудан жабыркаган исфаралыктарга жардам көрсөтүүдө. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийин Тажикстанга келген.

"Исфарадагы жабыркагандар жардамга муктаж экенин уктум. Үйдө ашыкча жууркан-жаздыгым бар эле. Мен аны кайрымдуулук штабына берип, андан соң ыктыярчыларга кошулдум", - деди ал.

Хожентте ыктыярчылар менен кайрымдуулук уюмдары гуманитардык жардам чогултуу боюнча бир нече жай ачышты. Ондогон киши жабырлануучуларга жардам берүүгө ниети бар экенин билдирди.

Ошол эле маалда чек арада жабыркагандарга жардам берүү – бийликтин иши дегендер да жок эмес.

Бул арада Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода 20-сентябрда Бободжон Гафуров районунда жабыркагандар менен жолугуп, зыяндын суммасын аныктап чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Тажикстандын бийлиги кагылышуудан ондогон киши жаракат алганын, алардын айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.

Соңку окуяга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп ачкан. Ага 21-сентябрдагы маалымат боюнча 197 миллион сом чогулду.

14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны каза болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Баштапкы эсепке ылайык, талкаланган турак жайлардын, социалдык объектилердин саны 300дөн ашат.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 59 адамдын тизмесин чыгарды.

Кыргызстан жана Тажикстан соңку окуялар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүү таратышты.

XS
SM
MD
LG