Ссылки доступа

Казакстандык банк "Мир" төлөм системасын кабыл алууну токтотту


Казакстандагы "Халык Банк" орусиялык "Мир" төлөм системасынын карталарын кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу Kursiv.Media басылмасы банктын колл-борборуна шилтеме кылып билдирди.

Оператор билдиргендей, ушул тапта кардарларда "Мир" картасынан каражат чыгаруу мүмкүндүгү жок.

"ВТБ", "Сбербанк" (азыркы Bereke Bank), "ЦентрКредит Банк" банктарынын (ага мурда "Альфа-Банктын" Казакстандагы энчилеши кошулган) кардарлары мурдагыдай эле "Мир" карталарынан каражаттарын чыгара алышат. Басылма "ЦентрКредит Банктан" бир айда 50 миң теңге гана акча чыгарса болорун белгилейт.

Мурдараак бир нече түрк банкы, анын ичинде эң ири "Иш Банкасы" (Iş Bankası) Орусиянын "Мир" төлөм картасы менен иштешүүнү токтоткон. Ошондой эле социалдык тармактарда картаны бир катар түрк мейманканаларында кабыл алуудан баш тартып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

ЖМКлар жакын арада түркиялык Vakıfbank, Ziraat Bank жана Halkbank да орусиялык карталарды кабыл алууну токтото турганы күтүлүп жатканын жазууда.

Буга чейин АКШ башка өлкөлөрдү "Мир" төлөм системасы менен кызматташуудан оолак болууну эскерткен.

XS
SM
MD
LG