Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин чек арадагы чагымга айыптоодо


Кыргызстандын президенти БУУнун трибунасында Тажикстанды "агрессивдүү кол салууга" айыптагандан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 21-сентябрда Кыргызстан "чагымчыл аракеттерин" улантып, чек арадагы абалды курчутуп жатканын билдирди.

21-сентябрда Тажикстан ТИМи расмий билдирүү жарыялап, кыргыз тарап "аскерлерди жана оор техниканы чек ара линиясынан алып кеткени жөнүндө маалымат жарыялоо менен калп айтканын, аларды Лейлек жана Чоң-Алай райондорундагы калктуу конуштарда жашырып жатканын" билдирди. Кыргызстандын бийлиги тажик тараптын бул расмий билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.

19-сентябрда эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчылары чек арадагы кырдаалды турукташтырууну камсыздоочу иштерди жылдыруу боюнча жумушчу протоколго кол коюшкан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ТИМ башчысынын орун басары Содик Имоминин Кыргызстанды куралдуу кол салууга айыптаган билдирүүсүн чагым катары баалаган.

"Жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет өлкөнүн ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбой айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын кадимки нормаларына жооп бербейт. Бурмаланган жана жалган маалыматтардан турган ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр - ырастоону талап кылбаган бүтүм. ​Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга жасаган бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабай, Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргызстанга каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп жазылган билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргызстандын эгемендүү аймагын куралдуу күч менен басып алууга негиз болбосун да эскерткен.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасында сөз сүйлөп, чек арадагы кагылышууну Кыргызстанга карата жасалган "агрессия" деп атаган.

XS
SM
MD
LG