Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы журналист Абдулло Гурбати айыптоолорду четке какты


Абдулло Гурбати
Абдулло Гурбати

Тажикстандык журналист жана блогер Абдулло Гурбати өзүнүн иши боюнча өткөн алгачкы сот отурумунда милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтпөгөнүн айтып, айыптоолорду четке какты.

21-сентябрда Душанбенин Шахмансур райондук сотунда башталган отурумда жергиликтүү РИИБдин үч кызматкери Абдулло Гурбати аларды сабап, кемсинткенин билдиришти.

Отурум жабык өткөндүктөн азырынча милиция кызматкерлери сотто зомбулук көрсөтүү боюнча кандай аргументтерди келтиргени белгисиз.

Ишти караган судья Бехруз Шафо журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Адвокат Абдурахмон Шарипов журналист айыптоолордун баарын, анын ичинде милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү айыптоосун четке какканын гана билдирди. Бул иш боюнча кийинки отурум качан өтөрү айтылган жок.

Журналист Абдулло Гурбатини Душанбе шаарынын Шомансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери быйыл 15-июнда кармап кетишкен. Бийлик аны аталган райондун милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабоого айыптаган. Кийинчерээк Тажикстан ИИМи журналист өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" менен кызматташканын билдирген. Диний партия Гурбати эч качан уюмдун мүчөсү болбогонун жана кызматташпаганын кабарлаган.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери "Азия Плюс" агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал "Фейсбуктагы" баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

XS
SM
MD
LG