Ссылки доступа

Тажикстанда Кыргызстан өткөрүп берген эки тажик жараны Яван түрмөсүнө которулду


 Абдурозик Абдукаххоров
Абдурозик Абдукаххоров

Кыргызстан Тажикстанга өткөрүп берген эки тажик жараны – Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Хоженттеги убактылуу кармоочу жайдан Яван түрмөсүнө которулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу Абдукаххоровдун жубайы Наргис Жаборовага шилтеме кылып кабарлады.

Юнусов менен Абдукаххоров 2021-жылдагы чек ара чырынан кийин Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасы жеңилдетилген соң быйыл июнда Тажикстанга өткөрүлүп берилген.

"Алар Яван түрмөсүнө 17-сентябрда которулган, азыр карантинде. Өткөн жумада президенттик аппараттан мага байланышып, Абдурозик менен Аскардын мунапысы үчүн айрым документтерди топтошумду өтүнүшкөн. Мен бардык сураган документтерди өткөрүм бергем. Кечээ болсо алар Хоженттен Яванга которулганын уктум. Эч нерсе түшүнбөй турам", – деди Жаборова.

Августтун башында Наргис Жаборова Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн бири жакында анын күйөөсү жана Аскар Юнусов мунапыс менен эркиндикке чыгарыларын айтканын билдирген.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары, бирок Кыргызстандын Борбордук айылында жашашат. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат, бирок чек аралар жабылгандан кийин эч ким жолдун экинчи тарабына өтө албай калган.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кармашкан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

XS
SM
MD
LG