Ссылки доступа

Президенттик администрация Bombardier Global Express XRS учагын сатып алууну пландоодо


Кыргызстан өлкө жетекчилигинин чет элдик сапарлары үчүн жаңы учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрүн аяктай электигин 22-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алууга байланыштуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Султанбаев Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын быйыл жыл башында билдирген болчу.

Анын айтымында, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келди, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап берди.

“Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат. Бул учактын чыгымдары учурда колдонулуп жаткан ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учууга жарамдуулук мөөнөтү да аяктаган”, - деди Султанбаев.

20-сентябрда президент баштаган кыргыз делегациясы Нью-Йоркко барып, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышкан. Анда президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маселени көтөргөн. Делегация учуп барган учак кымбат турары айтылып, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG