Өзбекстан президенти Ташкент облусунун Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында: «Зоир Мирзаевдин талапкерлигин Ташкент облусунун акимчилигине жылдырам жана бул тапшырманы аткара ала турган талапкерлерди карап чыгууга даярмын», — деген.
Мирзаев Ташкент облусунун башчысынын милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы 18-ноябрда дайындалган.
Мирзаев 2018-жылы вице-премьер болуп иштеп турган кезде Аккурган районунда буудай талаалары сугарылбаганы үчүн фермерлерди арыктагы сууга салса, Бекабад районунда жергиликтүү аткаминерлерди колдоруна чоң топурактарды көтөртүп жазалаган. Бул окуялардан кийин вице-премьер-министр өзүм билемдикке айыпталып, жумуштан айдалган.
Соцтармактарда чоң резонанс жараткан бул окуялардан кийин ал Жизак облусунун Шараф-Рашидов районунун башчысы болуп дайындалган. 2019-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын 18-ноябрына чейин Кашкадарыя облусунун акими болгон.