Укук коргоо уюмдары бул айыптоону “ойдон чыгарылган” деп атады.
22-сентябрда Холбашовдун туугандары “Озоди” радиосуна өкүм бир күн мурун чыкканын билдиришти. Сот жабык эшик артында Душанбедеги Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө абагында өттү.
Генерал Холбаш Холбашовго Кылмыш-жаза кодексинин "кылмыштуу топ түзүү", "адам өлтүрүү", "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "терроризм" жана башка бир катар кылмыштар боюнча айып тагылган.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы 18-майда анын мурдагы жубайы Улфатхоним Мамадшоева менен бир күндө кармалган. Мамадшоевага да ушундай эле айыптар тагылган, ал өзүнчө соттолууда.
24-майда “Точикистон” мамлекеттик телеканалы Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдырган даректүү тасманы эки жолу көрсөттү. Тасмада 18-майда кармалган Холбаш Холбашов менен Улфатхоним Мамадшоева “болгон окуяга өкүнүп, Хорогдун, Рушандын тургундарынан кечирим сурай турганын” айтышкан. Видео кандай жагдайда жаздырылганы белгисиз. Алар экөө тең буга чейинки билдирүүлөрүндө нааразылык акцияларын уюштурууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келишкен. Кийинчерээк алар көрсөтмөлөр укук коргоо кызматкерлеринин басымы астында берилгенин айтышты.
Бардыгы болуп Рушан районунда 78 жашоочу кармалган.
16-майда Хорогдо жана Тоолуу Бадахшандын Рушан районунда кырдаал кескин курчуган. Расмий маалыматтар боюнча Хорог жана Рушан шаарларында демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан ондогон адам өлдү же жаракат алды. Бир топ демонстрант камалды.
Тажик бийлиги нааразылык акцияга катышкандарды “кылмыштуу топторго мүчө болгон” жана “бийликке куралдуу каршылык көрсөткөн” деп айыптады. Тургундар бир нече айдан бери кысымга алынгандыктан, алар өз укуктарын коргоо үчүн гана көчөгө чыкканын айтышууда.