Ссылки доступа

Депутат чек арага жакын аймактардын тургундарына курал-жарак берүүнү сунуштоодо


Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов чек арага жакын аймактардын жашоочуларына курал-жарак берүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын демилгесине ылайык, 20 жашка толгон жарандарга курал-жарак берилип, тышкы коркунуч жаралган учурда аны колдонуу укугу болушу керек. Ошол эле маалда курал колдонууга уруксат ала турган жарандар атайын окуудан өтүп, курал колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча билимдери текшерилет.

"Чек атага жакын өзгөчө макамдагы аймактардын тургундары сырткы коркунуч жаралган учурда өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо үчүн курал-жарак колдонуу укугуна ээ болушу керек", – деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

2021-жылы май айында да Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ ушундай эле демилге менен чыгып, бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине кол салуулардын алдын алууга жана чек ара коопсуздугун камсыз кылууга жардам берерин билдиришкен. Ал мыйзам долбоору 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан кийин сунушталган. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны набыт болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG