Ссылки доступа

Январь окуяларына байланыштуу кармалган 1500дөн ашык кишиге мунапыс берилиши мүмкүн


Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорунун алкагында иштелип чыккан документти коомдук талкууга алып чыкты.

23-сентябрда "Ачык нормативдик-укуктук документтер" порталына жарыяланган документке ылайык, 1 500дөн ашык кишиге ырайым берилиши мүмкүн. Алар: 391 кылмыш иши боюнча шектелип жаткан 383, иши сотто каралып жаткан 102, соттолгон 1035, анын ичинде түрмөгө камалган 93, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза алган 930, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген тогуз жана айып пул салынган үч киши.

Прокуратура жеңил жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандарды толугу менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандардын жаза мөөнөтүн кыскартууну сунуштоодо.

Документте белгиленгендей, "мамлекетке чыккынчылык кылуу, жапырт башаламандык уюштуруу, кыйноо көрсөтүү, ошондой эле коррупциялык, террористтик жана экстремисттик кылмыштарды жасагандарга" ырайым берилбейт. Документ 14-октябрга чейин талкууга коюлду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламенттеги кайрылуусунда Январь окуясы боюнча кармалгандарга бир жолку мунапыс берилерин убада кылган. Анда ал мунапыска канча киши илинерин жана "башкы фигуранттардын" ысымын айткан эмес.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Эргожин, Марат Усуповго карата тергөө иштери аяктаганы кабарланган. Масимов менен Садыкуловго "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти узурпациялоо" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айып коюлган. Эргожин "Бийликти күч менен басып алуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", Усупов "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен шек саналып жатат. Карим Масимовдун иши боюнча атайын кызматтын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш да сурак бергени кабарланган.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция кызматкерлери күч менен басып, 238ден кем эмес киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG