Ссылки доступа

Казак-орус чек арасында мобилизациядан качкан үч орус жараны кармалды


Казакстандын чек ара кызматкерлери чек арадагы өткөрүү бекетинен айланып кирүүгө аракет кылган үч орус жараны кармалганын билдиришти.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, 25-сентябрда Костанай облусунун чек ара департаментине караштуу тилкеден үч орус жараны кармалган. Алар Орусиядагы жарым-жартылай мобилизациядан качып чыгышканын айтышкан.

"Кармалгандар суракка алынып жатат, анын жыйынтыгында алар орус тарапка өткөрүлүп берилет", - деп айтылган комитет тараткан билдирүүдө.

Кармалгандардын жашы жана аты-жөнү жөнүндө маалымат жок.

Костанай облусу Орусиянын үч облусу: Оренбург, Челябинск жана Курган облустары менен чектешет.

Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Орусиядан чыгып кеткен жарандардын саны кескин көбөйдү. Орус-казак чек арасында узун кезек жаралып, Ташкент менен Бишкектин мейманканаларында бош орун калбай калганы айтылып жатат.

Орусияда журналисттик иликтөөлөргө адистешкен "Важные истории" сайты аскерге милдеттүү орусиялыктар чек арадан өткөрүлбөй жатканын кабарлады. Мындай маалыматтар биринчи жолу 25-сентябрда чыкты. Бери дегенде эле мындай бир учур казак чек арасына жакын жерде болгон: "Звериноголовское" автомобиль өткөрүү бекетинде чек арачы бир кишинин паспортун алып койгон, андан соң ФСБ кызматкери анын өлкөдөн чыгышына тыюу салган.

XS
SM
MD
LG