Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк суу ташкындарынан жабыркаган Пакистанга 2 миллиард доллар бөлөт


Дүйнөлүк банк суу ташкындарынан улам ири чыгымга учураган Пакистанга 2 миллиард доллар бөлүп берет. Бул тууралуу 24-сентябрда жаратылыш кырсыгынын кесепеттери менен таанышуу үчүн Пакистанга барган Дүйнөлүк банктын Түштүк Азия боюнча вице-президенти Мартин Райзер билдирди.

Өз сөзүндө ал дүйнөлүк каржы уюму буга чейин убадалаган 850 миллион долларлык жардамды 2 миллиард долларга чейин көбөйтө турганын айтты.

Пакистандын түштүгүндөгү Синд жана Белужистан провинцияларында нөшөрлүү жаан-чачындан кийинки суу ташкындарынан бери дегенде эле 1 600 киши өлүп, 33 миллион киши жабыркады. Жолдор, башка инфраструктуралык объектилер талкаланып, талааларды суу жууп кетти. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму селден кийин жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирди.

23-сентябрда Синд провинциясынын бийлиги безгек, ич өткөк жана холера ооруларына каршы күрөшүү үчүн дарыгерлерди жөнөтүү өтүнүчү менен Пакистандын өкмөтүнө кайрылган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аймакта 600 киши түрдүү оорулардан улам көз жумса, 300 киши суу ташкындарынан кийин безгек жуктуруп алган. Мындан тышкары 25 миң балага тамак-аш жетпей, оору-сыркоодон жабыркоодо.

Буга чейин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Пакистанды калыбына келтирүү үчүн 30 миллиард доллар талап кылынарын айткан.

XS
SM
MD
LG