Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек арасы: жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюлду


Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен протоколуна 26-сентябрда Бишкекте кол коюлду.

Протокол чек аранын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк бере турганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Арипов иш сапары менен ушул күнү Бишкекке келген. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Өзбек премьер-министри быйыл апрель айында Ошто иш сапары менен болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйынына катышкан. Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айында Ташкентке алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган. Президенттер ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечерин айтышкан.

XS
SM
MD
LG