Ссылки доступа

Тажикстанда Экспорт боюнча агенттиктин башчысы кармалды


Шавкат Бобозода
Шавкат Бобозода

Душанбеде Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Экспорт боюнча агенттиктин директору кармалды. Жогорку кызматтагы аткаминердин кармалганы жөнүндө расмий маалымат чыга элек. “Озоди” радиосунун өз булактары Шавкат Бобозода ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип жатканын кабарлашты.

Шавкат Бобозода эки апта мурун эле кармалганы айтылууда. Ага карата “Ири өлчөмдө алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Экспорт боюнча агенттиктин башчысы ири өлчөмдө айып пул төлөп же 8ден 12 жылга чейин эркинан ажыратылышы ыктымал.

"Шавкат Бобозода чет элдик компаниялардын биринин даттануусунун негизинде кармалган. Ал бул компаниядан 300 миң доллар алып, бирок келишимдин шарттарын аткарбоого шектелүүдө", - деп билдирди Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өз булак.

60 жаштагы Шавкат Бобозода Экспорт боюнча агенттигин директорлугуна 2019-жылы дайындалган. Мекеме андан бир жыл мурун жергиликтүү товарларды жана кызматтарды башка өлкөлөрдүн рыногунда сатууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG