Ссылки доступа

"Душанбе Сити" банкы Орусиянын "Мир" карталарын тейлөөнү токтотту


Тажикстандагы "Душанбе Сити" банкы техникалык мүчүлүштүктөрдөн кийин Орусиянын "Мир" төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотту.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, учурда аталган банктын банкоматтары менен РОS-терминалдары "Мир" карталарын кабыл албай жатат.

Банктан техникалык көйгөйлөр 23-сентябрда башталганын билдиришкен.

"Душанбе Сити" карта колдонуучуларынын саны боюнча Тажикстанда экинчи орунда турган банк.

Тажикстанда "Мир" карталарын эки гана банк тейлейт – "Сбербанк Тажикстан" ("Амонатбанк") жана "Душанбе Сити".

23-сентябрда Өзбекстанда да техникалык себептерден улам "Мир" караталарын кабыл алуу убактылуу токтотулган.

Буга чейин Вьетнамдын, Түркиянын жана Казакстандын айрым каржы-насыя уюмдары "Мир" төлөм системасы менен иштешүүнү токтоткону кабарланган.

XS
SM
MD
LG