"Башкысы биз коңшу өлкөлөр менен тынчтыкты сакташыбыз керек. Биз мындан эч нерсе жоготпойбуз. Акыркы күндөрү Орусиядан көп киши келип жатат. Алардын көбү аргасыз абалдан улам кетүүгө мажбур. Биз аларга камкордук көрсөтүп, коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бул саясий жана гуманитардык маселе. Мен өкмөткө керектүү бардык чараларды кабыл алууну тапшырдым", - деди Токаев Түркстан облусундагы сапары учурунда.
Токаев келген орусиялыктарга жардам көрсөтүлөрүн, бирок алар эч кандай преференция албай турганын кошумчалады.
"Биз орус тарап менен сүйлөшүп, бул маселени биздин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чечебиз. Кайра кайталайм: мындай кыйын учурда бизге баарынан мурда биримдик жана жыргалчылык керек. Өлкөдө тынчтыкты сактоо менен гана туруктуу өнүгө алабыз. Биз олуттуу түрдө талкуулап, маселелерди жакшылап чечишибиз керек", - деди казак президенти.
Буга чейин Токаев БУУда добуш берүүдө бейтараптуулукту кармануу – Казакстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берерин айткан. Казакстандын лидери казак бийлиги үчүн аймактык бүтүндүк жана казак элинин жыргалчылыгы биринчи орунда экенин белгилеген.
21-сентябрда Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган соң Орусиянын аскерге жарамдуу миңдеген жараны чет элге качкан. Алардын бир бөлүгү Казакстанга агылып, Казакстан менен Орусиянын чек арасында бир нече чакырымга жеткен кезек пайда болгон.
Казакстанда орусиялыктардын жапырт келип жатканына тынчсызданган учурлар байкалууда. Соцтармактарда "бүгүнкү качкындар кечээ Украинадагы согушту үнсүз колдоп келгендер" деген ой-пикирлер айтылууда.