Бул тууралуу 27-сентябрда Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов "Азаттыктын" казак кызматынын: "Эгер Казакстанга келген орусиялыктарды Орусиянын аскердик комиссариаттары издесе, казак ИИМинин алгоритми кандай болот?", деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
ИИМ башчысы Казакстан менен Орусиянын ортосунда укуктук жардам көрсөтүү, соттолгондорду алмашуу жана кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишими бар экенин айтты.
— Эгер аскердик комиссариаттар издесе, бул аларды өткөрүп берүү үчүн укуктук негиз боло албайт, - деди министр.
Күн мурун Орусия аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү курактагы жарандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салышы мүмкүн экени кабарланган.